Кыргыз жеринде 21-ноябрга чейин кар жаап, жолдор тайгак болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош трассасынын 121-138,
198-275-чакырымдарында жана Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 74-76-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Аталган жолдо жүргөн унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл экени эскертилди.
21-23-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт: Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -18, бийик тоолуу аймактарда -25 градуска чейин суук болору күтүлүүдө. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатары айтылды.