Мерген Турган келиндүү болду (фото)

Бүгүн, 19-ноябрда борбор калаадагы кафелердин биринде ырчы жана куудул Мерген Турган Бексултан аттуу уулунун үйлөнүү тоюн өткөрдү. Тойго эки тараптан туугандар, чыгармачыл инсандар катышты. "Балаң үчүн баарына даяр болот экенсиң" деген Мерген Турган тойго көп убакыт даярданганын айтат.

"Кайната статусун алганыма толкунданып жатам, чоң жоопкерчиликти да сезет экенсиң. Албетте, башта айткандай, токтоо болгонго аракет кылып жатам. Уулумдун тоюн өткөргөнгө 4 айдай даярдандык. Буюрса, коноктордун баары ыраазы болуп кетишет деп ишенем. Менин кызым жок, бүгүн келиндүү эмес, Мырзайым аттуу кыздуу болдум. Кудайга шүгүр, жакшы адамдарга туш болдум, куда-кудагыйларым да мыкты адамдар", - дейт Мерген Турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
nazi25
2016-11-19 22:59:14
Кайната келин окшош экен
+24
samsungc3
2016-11-19 23:32:39
Жыпар Исабаеванын кызыны алды билишимче. Бактылуу болушсун.
+9
ABDISHkg87
2016-11-20 00:31:11
Да точно келини озуно окшош экен)) М.Тургандын аялы барбы?!анда аябай жакшы....Балдары бактылуу болсун.
+9
arzuuu
2016-11-20 01:33:32
Окшош дебегилечи келин уялат да кичине ойлонсонор. А женебиз кайда казак??? Бактылуу болгула.
-4
simone
2016-11-20 09:42:34
Бул онорлуу Адам. Жакшы создорду,каалоо-тилектерди айталы достор,эки жаш бактылуу болсУн
+7
Azumi32
2016-11-20 09:43:34
Мерген Тургандын уулу,семьясы бар экенин эми билип жатам. ХХХ
+1
admin_portal
2016-11-21 11:47:50
Azumi32, порталдын эрежелерин сактаңыз!Оозеки эскертүү!
0
Keremet008
2016-11-20 09:50:52
Бул 1- аялынан уулу. Тагаларына окшош турбайбы жигит. Азыркысы казак го. М.Т казак туугандарга тушкон го... Ар пенде бактылуу болсун кудай деген келин экен,башкасын билбейм Мерген агабыз соз тийгизбей он маал тадага болоюн деп отурат эми
+1
mambo-1984
2016-11-20 09:55:49
Мергендин канынан жаралган бала болду бекен же багып алганбы атак баласыда келинида татынакай экен
-5
Keremet008
2016-11-20 10:02:18
Жигит чырс го ак костюм кийип жакшы кылыптыр. Дайым жашоонор аппак таза болсун.
+3
Aygir
2016-11-20 14:34:22
Кудасы не удобный болуп атса керек.
-3
ilyaz85
2016-11-20 16:02:25
Кармашкан колунар узулбосун
0
pepew95.
2016-11-20 17:35:11
Эркектин эркектей болгону жакшы
-1
mishonia8077
2016-11-20 21:56:18
Иий Мергендин чыпалагына тен келгилечи биринчи даана эркек ушул.Чарбасын кордунор беле.
+2
daniel87
2016-11-24 02:05:02
Тоба кылдым адамдар биз кыргыздар кайда баратабыз?башка бироонун бактылуулугуна тилектеш болуп койсок болбойбу жаман соз чыккан ооздон эмнеге жакшы соз чыгышы кыйын?Эмне учун адамдар ушунчалык агресивдуу,коро албаган каяктан ушунчалык сасыган создор уят уят!эки жаш Бактылуу Болсун ,коп балалуу чакалуу болсун ,баскан жери алча кармаганы акча Болсун туболлукко бирге болгула
0
AIBEK-KG
2016-11-28 20:29:57
.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан