Темир Сариев: "Өкмөт Өзбекстанга түштүктөн жер берип, пансионаттарга алмаштырды деген маалымат калп"

Бүгүн, 19-ноябрда мурунку премьер-министр, саясатчы Темир Сариев Ысык-Көл облусуна барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү. Ал Чок-Тал айылына барганда жашоочулар Өзбекстандан кайтарылып алынган пансионаттар тууралуу сурашты. Чок-Талдын тургундарынын айтымында, "кыргыз өкмөтү Өзбекстанга түштүктөн жер берип, пансионаттарга алмаштырды" деген сөздөр тарап жаткан.

Сариев мындай маалыматты төгүндөдү. "Өзбекстандан биздин 15ке жакын объект мамлекеттик балансыбызга өткөн. Алардын ичинде насостук станциялар, суу сактагычтар жана башкалар бар. Кайтарылып алынган пансионаттарды эми туура иштетишибиз керек. Баары өзүбүздүн колубузда турат, бирок бир гана тартип жетишпей жатат", - деди Сариев.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Өзбекстандын Ысык-Көл облусундагы "Рохат", "Дилором", "Золотые пески" жана "Бустон" пансионаттары Кыргыз Республикасына өткөн. Кийин пансионаттардын аталыштары кыргызчаланып, "Рохат" пансионаты - "Алтын жай", "Дилором" - "Эне-Сай", "Золотые пески" "Бостери" деп аталган. Ал эми "Бустон" пансионатынын аталышы өзгөргөн эмес.

Т.Сариев Өзбекстандан кайтарылып алынган пансионаттар тууралуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Medinaa
2016-11-19 23:30:59
Сариев неге кызматтан кеткенден кийин элден кабар алып калды?
+20
ekaterinburg
2016-11-20 10:30:44
Medinaa,мен жанында болгондо ушул суроону бермекмин.
+9
radroy
2016-11-19 23:45:22
Президенттик шайлоого даярдык
+19
Mers124
2016-11-20 00:26:52
Электр энергиясын Сариевдин өкмөтү кымбаттаткан.
+11
tin4a
2016-11-20 00:57:55
Абдылда айткандай карачы окмот силерге жардам бербей атканын,как будто озу иштеп турганда жардам бергенсип.
+13
ainura220888
2016-11-20 02:27:05
Сариев азыр эч жерде иштебейт элге куру суйлоп эле кайтбаса эч кандай жардам бербейт. Кыйын экен иштеп жургондо элди кыдырып койгойлорун озу угуп козу менен корбойт беле. Шайлоо жакындаганда тыпырап башташат.
+8
Azumi32
2016-11-20 09:40:43
Бул бийликтен дале умут узбой келет го? Окмотту жетектеп турганда эмнени кыйратты эле?!
0
Keremet008
2016-11-20 09:59:34
Омукенин уйу эмне болду ошондо? Тынчып эле калды го! Ачык маалымат айтпайьы мынттим анттим деп.
+4
kuba.kq8705
2016-11-20 10:58:32
темир сариев сиз мининстир болуп турганынызда элди кыдырып иштешиниз керек болчу эми курук эле соз менен элди алдай бербениз ункур тоону айтпай эле койоюн
+4
kuba.kq8705
2016-11-20 11:06:45
урматтуу депутаттар министирлер бири бирин менен соз талашып микрафон талашып олтурбастан элди, айылдарды 1 айда бир жолу болсода кыдырып эмне проблемалар бар деп чечип бергенге аракет кылсанар болмок кыргызстандын ишенген адамдары силер болсонор
+5
sirgak_92
2016-11-20 11:06:50
Примьер болуп турганда жолдорду озу барып текшерип турчу айылдарга барып катуу тартип койгон
0
aash
2016-11-20 14:20:47
Темир Сариевдин ишине ийгилик каалайм.
-1
Mr.enriiko
2016-11-20 21:28:03
Темир мырза сиз Бакстан да коркпой
Шайлоого катышкансыз Сиз жакшы иштеп жолдорду салдыныз пансионатарды кайтардыныз Рахмат сизге аны эч бар президент, премьер кыла алган эмес. Сиз кийинки биздин Президентибиз.!
+2
Adik74
2016-11-22 00:15:38
Темир Сариев премер болуп турганда Балыкчы Корумду жолуна болунгон 6 миллион доллар акчаны жеп кеткен .Аны кытай инвесторлору интернете какшап келишет. Эми минтип эл кыдырып актанып журот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан