ЖЫЛНААМА, 20-НОЯБРЬ: 12 жыл мурун акын Байдылда Сарногоев каза болгон

Мындан 12 жыл мурун, 2004-жылы Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас жергесиндеги Кулдамбес кыштоосунда туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарындагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. 1956-жылдан тарта "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959-1973-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген. "Шумкар" деген биринчи поэтикалык жыйнагы 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы "Ашуудан берген отчётум" аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан Жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын Эл аралык "Алтын көпир" ("Золотой мост") сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардактуу наамы берилген. "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

20-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azahan
2016-11-20 15:15:31
Эх турсалар турсалар, кунго кургап турсунар, Ичинерде коп сыр бар, Айтпайсынар куусунар.Байдылда Сарногоев.
+2
Komrad
2016-11-21 07:56:42
Элибиздин мыкты акыны, шедеврибиз. Сөздөрдү Байдылда Сарногоевдей эчким тизе албайт го. Балачагында оор заманды кечирип, кийинки жашоосуна ыраазы болгон, чексиз кичи пейил, карыз болгондон, бирөөнү таарынтуудан этият болгон кудум менин таятам да ушул муундун ушундай мүнөз адамы эле. Ырында кыйынчылыкты көтөргөн кайраттуу сөздөр, көңүлдү көтөрүүчү, шайыр куйкум сөздөр да бар. Эң башкысы өтө чеберчилик менен жазган.
+1
Komrad
2016-11-21 08:00:58
Биринчи мектепке барганын эскерген саптар эсиме түштү Таш казан ойноп жатсак, бизди айдап алып жөнөдү, Биялы деген башкарма дейт, жолдо чуркашса жаргак шым шамалга калдандайт экен "А менде болсо шым да жок, көйнөкчөн барам көлдөңдөп, астымдан шамал үйлөсө, ачылат ичим чердеңдеп, каткыра сүйлөйт башкарма, кайсы апаң тигип берген деп", бул саптар бир учурда күлкүлүү да, кайгылуу да. Азыркы той алып барган тамадалардын көп сөздөрү Байдылда Сарногоевдин саптары да "көчөгө чыксаң кол б
+1
Komrad
2016-11-21 08:01:45
жаныңда жарым сом жокто, айттырбай билген сырыңды, айланса болот жолдошко. Капалуу ичте сыр жатса, кайгылуу же бир муң басса, кайратын айтып кеңешкен, кагылса болот курдашка" деген.
+1
Komrad
2016-11-21 08:05:00
Башкарма эсен бар болсо, Кабарым эчак билгендир. Көз ачып билим алууда Көмөгү тийген бирден-бир, Ойлосо шымсыз кезимди
Өзүнчө күлүп жүргөндүр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан