Мындан 3 жыл мурун, 20-ноябрда "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага 19-ноябрда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон. "2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 2003-2004-жылдарда "Ротак-Бишкек" ЖЧКсына жарандардын жеке камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган; Салык кызматын жетектеп турган кезинде ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну "Бизнес-Партнёр" ЖЧКсына мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылган.
2015-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековду Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен актап жана ошол эле берене менен күнөөлүү деп тапкан. Ошондой эле ага 30 миң эсептик көрсөткүчтө айып салынган.
Ал эми бул чечимди Бишкек шаардык соту 2016-жылдын 11-мартында карап, Биринчи Май райондук сотунун Келдибековго карата колдонулган өкүмүнүн актаган жерин өзгөртүп, 50 миң эсептик көрсөткүчтө айып салган. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң көрсөткүч менен айып салынган. Башкача айтканда, 10 миллион сом мамлекеттин эсебине которуу чечими чыгарылган. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Жогорку Сот Ахматбек Келдибековго карата жазык ишти карап, Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмүн жана аныктамасын күчүндө калтырган болчу.
Келдибеков мамлекетке 10 миллион сом төлөгөнүн быйыл, 18-ноябрда Жогорку Соттон билдиришти.