Мындан 233 жыл мурун, тактап айтканда, 1783-жылы 21-ноябрда аба шарына отурган адамдар асманга көтөрүлүшкөн.
Француз ойлоп табуучулары, ага-ини Жозеф Мишель менен Жак-Этьенн өздөрү ойлоп тапкан аба шарын жүргүнчүсүз 1783-жылы 5-июнда учурушкан. Алар андан башка бийиктиги 22,7 метр, диаметри 15 метр болгон шар жасашкан. Аба шарынын ылдыйкы бөлүгүндө 2 кишилик шакекче галереясы бар болгон. Бирок Франциянын падышасы Луи XVI бул долбоордун авторлоруна өздөрүнүн катышуусуна тыюу салган. Ошентип, алардын жасаган аба шарында биринчилерден болуп химик Жан Франсуа Пилатр де Розье жана анын досу маркиз Франсуа д'Арланд асманга көтөрүлгөн.