Бийик тоолуу райондордо абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт

Бийик тоолуу райондордо 21-23-ноябрь күндөрү абанын температурасы -25 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде -10… -15°С. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -5… -10°С, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо -13…-18°С болсо, бийик тоолуу райондордо -20… -25 градуска чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат”, - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omush94
2016-11-21 11:18:06
Супер так кайсы тоолуу райондордо болот божомол кайсы райондор толук маалымат алып жазгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан