Кара-Кулжа районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кара-Кулжа районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрда Мырзаке-Алайкуу унаа жолу 45-чакырымынан тарта жабылды. Учурда аталган жерде атайын пост коюлду.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 17-ноябрында түнкүсүн Алайкуу өрөөнүндө кар жаап, Ой-Тал, Кызыл-Жар, Алайкуу, Капчыгай айыл аймактарында кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Натыйжада Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында, Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты айылдарында, Алайкуу айыл аймагынын Көк-Арт, Кан-Коргон айылдарында ички чарбалык жолдор жабылып калган. Ал эми айрым айылдар электр жарыгысыз калышкан. Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал, Кызыл-Жар айыл аймактарына электр энергиясы толугу менен берилди. Алайкуу айыл аймактарында үзгүлтүккө учураган электр зымдарын калыбына келтирүү максатында РЭТтен 1 бригада (10 адам) тартылып, жумуш улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан