Өлкө боюнча мектептер 5559 компьютерге муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Билим берүү тармагында мектептерди жаңы технологиялар менен камсыздоо максатын ишке ашырып жатабыз. 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 602 компьютер, ал эми 2016-жылы 504 компьютер сатылып алынды. Бүгүнкү күндө республика боюнча мектептерде жалпысынан 22 085 компьютер бар", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча мектептер 518 интерактивдүү такта менен камсыздалган. Анын ичинен Нарын облусу 35 такта, Талас 22, Баткен 27, Ош 131, Жалал-Абад 98, Ысык-Көл 31, Чүй облусу 174 даана такта менен камсыздалган.