Кара-Кулжа районунун Казык жайлоосунда 3 чабан 800 кою менен калды

Кара-Кулжа районунун Казык жайлоосунда 3 чабан 800 кою менен калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Терек айылынын тургуну 20-ноябрь күнү жардам сурап кайрылган. Анда ал Казык жайлоосунда 3 чабан 800 кою менен карда калганын билдирген. Ал жакта уюлдук байланыш жок болгондуктан, тактоо иштеринде кыйынчылык жаралган.

Мындан улам Казык жайлоосуна барып, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар жүк ташуучу КамАЗ унаасына 1 даана кардуу жерде жүрүүчү унаа жана 1 даана жол тандабас жүктөп, саат 15:30да чыгып кетишкен”, - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baiyshvip
2016-11-21 10:02:50
Оо Кокуй кудай колдоп эсен аман оз айылына келип алышсын МЧСниктерге ийгилик!!!
+6
aseras
2016-11-21 11:00:16
Эсен аман келип алсын
+3
anar8672
2016-11-21 12:27:55
Оба эсен аман болушсун кайда болсо да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан