Борбор калаада "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери дем алыш күндөрү карды тазалап жатышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда кабарлады.
"Кызматкерлер тротуарларды, аялдамалардын айланасын тазалап, жолдорго кум жана туз себишти. Ошондой эле 21 кар тазалоочу унаа (18 МАЗ, 2 ЗиЛ), 4 грейфердик жүктөгүч, 5 кичи трактор тартылган. Жолдорго 495 тонна кум, 37 тонна туз чачылды. Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов, Абдрахманов, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, Курманжан датка, Чолпон-Ата, Ибраимов, Тыныстанов, Панфилов, Эркиндик, Логвиненко, Исанов, Тоголок Молдо, Турусбеков, К.Акиев, Бейшеналиева, Фучик, Д.Сяопин, Алыкулов, Москва, Бөкөнбаев, Масалиев, Тыналиев, Гагарин, Горький, Киев, Фрунзе, Рыскулов, Ленинград, Элебесов, Юнусалиев, Сүйөркулов, Ахунбаев, Анкара, Айни, Дүйшөмбү, Малдыбаев, Медеров, Ауэзов, Көлбаев, Салиева, Сүйүнбаев, Л.Толстой, Үмөталиев, Чапаев, Токтогул, Щербаков көчөлөрүнүн жолдоруна туз, кум себилди", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары штаттык тартипте Бишкек боюнча "Тазалыктын" жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын көчө шыпыруучулары иштеп жатышканы маалым болду.
"Тротуарларды, жолдорду тазалоого Жолдорду эксплуатациялоо башкармалыгынын 30 кызматкери, 510 көчө шыпыруучу тартылып, бүгүнкү күндө да карды тазалоо иштери улантылууда", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.