Каракол-Эңилчек унаа жолун кардан тазалоо кыйынга турууда

Каракол-Эңилчек унаа жолун кардан тазалоо кыйынга турууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-ноябрь күнү саат 10:30да Каракол-Эңилчек унаа жолу 38-чакырымдан 92-чакырымга чейин убактылуу жабылган. №11-Жол тейлөө ишканасынын жетекчисинин айтуусу боюнча, кар катуу жаагандыктан жана бороондун кесепетинен жолду тазалоо өтө кооптуу жана коркунучтуу болууда. Жолдо калган техникалар жана жабыркаган адамдар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан