20-ноябрда Бишкектин четиндеги "Риом авто" унаа базарында бастырманын чатыры карды көтөрө албай түшүп калганын окуянын күбөлөрү билдиришкен эле. Бүгүн, 21-ноябрда да аталган унаа базарынын экинчи секторунда кайрадан бастырманын чатыры кулаганын Айбек Баратов айтып чыкты.
"Бастырма астында калган унаалардын ээлеринен кечирим сурайбыз. Келтирилген чыгымдар эсептелип жатат. Адамдар түрдүү сөздөрдү айтып жатышат, мен баарына жооп берүүгө даярмын. Унаа базарынын жетекчиси катары жоопкерчиликти өзүм алам. Кырсык экен, эң негизгиси адам өмүрүнө коркунуч келтирилген жок", - деп Баратов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Белгилей кетсек, үчүнчү сектордун бастырмасы кулап, андан жалпы 12 унаа зыянга учураган. Ошондой эле администрация келтирилген зыяндар үчүн компенсация төлөп берерин билдирген.