Казакстанда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган дил баян жазуу боюнча эл аралык сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Кыргызстан-Астана" этномаданият бирикмесинин жетекчиси Шавкат Исмаилов Facebook баракчасы аркылуу жазып чыкты.
Сынакты Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилиги, Лев Гумилев жана Ишеналы Арабаев атындагы университеттери уюштуруп жатат. Дил баяндын темасы "Айтматов: жазуучу, философ, дипломат" деп аталат. Максаты - студенттерди илимий изилдөөчүлүк жана изденүүчүлүк ишмердүүлүккө кызыктыруу, Айтматовдун өмүр баяны жана дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы менен тааныштыруу.
Эмгектер кыргыз, орус жана казак тилдеринде 10-декабрга чейин кабыл алынып, 22-декабрда жыйынтыкталат.