Кара-Кулжа районунда 4 күндөн бери байланышка чыга элек чабандардын абалы жакшы экени белгилүү болду

Кара-Кулжа районунун Казык жайытында 4 күндөн бери байланышка чыга элек чабандардын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Казык жайытында 3 чабан 800 кою менен калганы жана 17-ноябрдан бери алардан кабар жок экени айтылган. Ал жакта издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар жүк ташуучу КамАЗ унаасына 1 даана кардуу жерде жүрүүчү унаа жана 1 даана жол тандабас жүктөп, саат 15:30да чыгып кетишкен.

Акыркы маалымат боюнча, 3 чабандын абалы жакшы экени белгилүү болду. Биринин малга деген тоюту түгөнүп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saat1200
2016-11-21 19:52:15
Өздөрү аман болсо болду. Мал, тоют табылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан