Алайкуу айыл аймагында райондук электр станциясынан 1 бригада (10 адам) 7 ат менен жумуш алып барып, 21-ноябрда Алайкуу айыл аймагына электр энергиясы толугу менен берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымынан 128-чакырымына чейин тазалоо иштери жүргүзүлүп бүттү. Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 105-чакырымында ӨКМнын Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы полковник Алмаз Асанов жетектеген ыкчам топ 1 КамАЗ, Кыймылдуу башкаруу пункту, куткаруучулар тобу, №26-ЖТИден 1 жүктөгүч Коо-Чаты айылынын ички чарбалык жолдорун тазалап жатат. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымынан 117-чакырымына чейин 68 850 метр куб кар көчкүдөн тазаланды.
Кошумчалай кетсек, 19-ноябрда Кара-Кулжа районуна караштуу Ой-Тал айылына кечинде электр жарыгы берилген. Ал эми Кызыл-Жар жана Алайкуу айылдары электр жарыгысыз калган эле.