Ак-Ордо конушунун жашоочуларына электр энергиясы берилди

Ак-Ордо конушунун жашоочуларына электр энергиясы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына конуштун квартал башчысы Барпы Мамбеталиев билдирди.

"Кечээ, 21-ноябрда 300гө жакын адам митингге чыгып, президенттен электр энергиясын улап берүүнү талап кылган эле. Ошол күнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жумушчу топ түзүлүп, электр энергиясын берүү жумушу саат 18:00 чамасында башталган. Адистерге жергиликтүү эл жардам берип, саат 22:00 чамасында электр жарыгы берилди", - деди Мамбеталиев.

Эске салсак, аталган конушта 5 миңге жакын тургун жашайт, анын 2500гө жакыны электр энергиясы менен камсыз болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alina1984
2016-11-22 12:43:13
Бала ыйламайынча эмчек кайда дегендей болуптур да,митинг кылышпаса свет деле коюлмак эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан