Жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарына кызматтык күбөлүк жана алтын жалатылган төш белги жасоого 6,3 миллион сом жумшалат. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды. Депутаттарга 4,5 миллион сомго 9 миң төш белги, 1,8 миллион сомго 9 миң күбөлүк жасатуу пландалууда. Сынакка катышуучулардын документтери 2016-жылдын 12-декабрына чейин кабыл алынат. Жеңүүчү болуп табылган мекеме БШК менен келишим түзүлгөндөн кийин 20 күндүн ичинде товарды даярдап берүүгө милдеттендирилет.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өтөт.