СУПЕРСТАН: "Канчалык таланттуу болбо, аны таптай билүү керек"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек керек деген туурабы?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Телеканалдардын биринен ырчы кыздын "1 пайыз талантты 99 пайыз эмгек менен курчутуш керек" деп айтканына негедир макул боло бербедим. 1 пайыз деген "жок" деген менен эле барабар болот эмеспи. Ким кандай ойлойт? Бул сөз канчалык деңгээлде туура?"

"Мен ушу талант менен эмгекти пайызга бөлгөндү эч түшүнө албайм. Албетте, экөө тең болушу керек, бирок кайсынысы канча пайыз болушу керектигин такыр түшүнбөйм. Же таланты жок адамдар ошондой болобу?"

"99 пайыз эмгектенип, изденгениң менен, сенин талантың 1 пайызга барабар болсо, бул "аракет бар, бирок жылыш жок" дегендей болуп калат го. Ал эми 90 пайыз талант, 10 пайыз эмгек болсо, ошол 10 пайыз эмгек сени таанытып, тиешелүү жерге жеткирип коёт. Талантың болсо 90 пайызга маанилүү, маңыздуу ыр чыгарсаң болот. Ал эми 1 пайыз менен эмне чыгара аласың, кандай сапатта болот?"

"Канчалык таланттуу болбо, аны таптай билүү керек. Талантты багыш үчүн аракет кылуу, изденүү, убакыт бөлүү керек".

"Бул жерде "Талантыңа ишене бербей көбүрөөк эмгектен. Эмгектенбесең Кудай берген талантты деле кор кыласың" деген эле сөз болуп жатат. Эгер талантың жок болсо, миң эмгектенсең да, сенин жасаган ишиң өзгө адамдардын жан дүйнөсүн козгой ала турган касиетке ээ болбой калса керек. Же тескерисинче, балким, жүз пайыз эмгек талантты жандыра алаттыр".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан