SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "КВНчилердин атынан "Ысык жаңылыктар" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: MIRlan).
Видеодо тамашакөй жигиттер өлкөнүн Баш мыйзамы - Конституция жоголгонун тамаша аркылуу көрсөтүп беришет.
Айрыкча алардын "2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Конституция белгисиз себептерден улам жоголгон бойдон дайынсыз. Өзгөчө белгилери: сырты кызыл, ичинде сүрөттөрү жок, мурдагы Конституцияларга окшош. Бирок өзгөчөлүгү - азыркы кызыктай кабыл алынган мыйзамдары жок. Урматтуу Конституция, эгер бизди көрүп жатсаң, кайрылып кел! Сени бүткүл Кыргыз өлкөсү күтүп жатат" дегени көрүүчүнү аргасыз жылмайтат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.