Оппозициялык фракциялар комитеттердин төрагалыктарына өз талапкерлерин сунушташты (тизме)

Жогорку Кеңештеги коалициялык азчылыкка кирген "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары парламенттик оппозицияга бөлүнгөн комитеттердин төрагалыктарына өз талапкерлерин сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына "Ата Мекенден" Сайдулла Нышанов, "Өнүгүү-Прогресстен" Зиядин Жамалдинов жана РАЖдан Таабалды Тиллаев сунушталышты. Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына РАЖдан Мирлан Жээнчороев, "Өнүгүү-Прогресстен" Тынчтык Шайназаров көрсөтүлдү.

Эртең Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында аталган комитеттердин төрагалары жашыруун добуш берүү аркылуу шайланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан