Эми жарандар Мамлекеттик миграция кызматынын расмий сайты аркылуу Орусиянын "кара тизмесинде" бар же жок экенин биле алышат. Бул тууралуу аталган кызмат расмий түрдө жарыялады.
"Мамлекеттик миграция кызматынын сайтында жаңы сервис ачылды. Ал сервис аркылуу жарандар өздөрүнө Орусия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынганын же салынбаганын текшере алышат. Эгер тыюу салынган болсо, себеби жана мөөнөтү көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Текшерүү үчүн аты-жөнүңүздү жана туулган датаңызды жазуу жетиштүү.