Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанда “Европалык эмдөө жумалыгы” башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Асылбек Сыдыканов бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйында билдирди. Айтымында, эмдөөнүн негизги максаты - ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу, коргоо жана эмделбей калган жарандарды учурунда эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат. Маалыматка ылайык, 2006-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна мүчө болгон өлкөлөр резолюция кабыл алып, ар бир мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдү "Европалык эмдөө жумалыгына" катышууга үндөгөн. Кыргызстан мындай демилгени 2007-жылдан бери колго алып, эмдөө жумалыгына катышып келет. Эмдөө республиканын бардык аймактарындагы медициналык пункттарда жүргүзүлүп, быйыл 27-апрелге чейин созулат.