Бишкекте катуу жааган кар "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине көп түйшүк жаратты. Күн сайын таң атпай 500 көчө шыпыруучу жана жол-эксплуатациялоо бөлүмүнүн 40 жумушчусу кар менен музду тазалоо үчүн чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-ноябрда билдирди.
"Борбордук көчөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү тазаланды, эми калган көчөлөрдү тазалоо иштери жүрүүдө. Мындай мезгилде кызматкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн Биринчи балдардын хосписинин ыктыярчылары бүгүн саат 6:00дөн баштап жумушчуларга ысык чай жана кофе таратышты", - деп айтылат маалыматта.
"Күн сайын эртең менен жумушка бара жатып кызматкерлерди көрөбүз. Шаардыктардын кээ бири гана алардын түйшүктүү жумушун билет. Андыктан биз аларга анча-мынча колдоо көрсөтөлү дедик", - деген хоспистин негиздөөчүсү Дина Аляева.
"Жумушчулар ысык чай, таттуулар менен гана сыйланбастан, мактоо сөздөрүн да угушту", - деп кошумчалаган мэриянын басма сөз кызматы.