Өкмөттө көмүрдүн баасы талкууланды
Өкмөттө 22-ноябрда көмүрдүн баасы талкууланды. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Болсунбек Казаков менен "Кыргыз көмүр" ишканасынын башчысы Мырза Жаманбаев республикадагы көмүрдүн баасы тууралуу маалымат берди.
Айтылгандарга таянсак, азыркы тапта көмүрдүн 1 тоннасы өлкө түндүгүндө 4 миң сомго чейин, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 5 миң сомдун тегерегинде сатылууда. Жыйында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймактарында көмүр сатуу боюнча мамлекеттик базаларды уюштуруу, жеке ишкерлердин колунан сатылып жаткан көмүрдүн баасын көзөмөлдөө зарылдыгын айтты. Көмүрдү мамлекеттик базалар аркылуу аймактарга таратуу боюнча тезинен сунуш киргизүү тапшырмасы берилгенин билдирди өкмөттүн маалымат кызматы.