Жолдош Камилов: "Кыргызстанда жугуштуу оорулардын саны жыл сайын азайып жатат"

Кыргызстанда пландуу эмдөө аркылуу калк арасындагы жугуштуу оорулар (кептөөр, сенек, кызамык, кызылча, көк жөтөл, шал тепки, кургак учук, сарык оорусунун В түрү) жылдан жылга азайып жатат. Бул тууралуу республикалык иммундук ооруларды алдын алуу борборунун директору Жолдош Камилов бүгүн, 22-апрелде маалымат жыйында билдирди. Айтымында, 1993-жылдан бери Кыргызстанда шал оорусу каттала элек, ал эми акыркы 10 жыл ичинде кептөөр оорусу менен ооругандар да болгон эмес. Ошондой эле ал кызамык, кызылча ооруларынан жабыркагандар да жыл сайын азайып жатканын белгиледи. Эске сала кетсек, Кыргызстанда пландуу эмдөө же Европалык эмдөө жумалыгы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан