ЖЫЛНААМА, 23-НОЯБРЬ: 1875-жылы орусиялык жазуучу Анатолий Луначарский төрөлгөн

Орусиялык жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, котормочу, публицист жана адабият сынчысы Анатолий Луначарский 1875-жылы 23-ноябрда Украинанын Полтава шаарында төрөлгөн. Швейцарияда Цюрих университетинде окуган. Карл Маркстын, Фридрих Энгельстин жана Рихард Авенариустун эмгектерин окуп, "Дин жана социализм" аттуу эки томдук эмгегин чыгарган.

1898-жылы Москвага кайтып келип, марксизмдин идеясын пропагандалагандыгы үчүн бир жылдан кийин камакка алынып, Полтавага жиберилген. 1903-жылы большевиктер партиясына кирип, 1904-жылы камактан чыккан соң Швейцариянын Женева шаарында большевиктердин гезитинин редактору болгон. И.В.Ленин, А.А.Богданов менен жакындашып, 1905-жылы Москвага кайтып, "Жаңы жашоо" гезитинде иштеп жаткан учурда кайрадан камакка алынган.

Швейцарияда жашап, 1917-жылы Февраль революциясы тууралуу угуп, Петроградга келип саясатка аралаша баштаган. 1917-жылдын октябрь айынан 1929-жылдын сентябрь айына чейин РСФСРдин биринчи Агартуу эл комиссары, 1905-1907-жылдардагы революциянын активдүү катышуучусу болгон. 1933-жылы Испанияга СССРдин толук ыйгарым өкүлү болуп кетип, Франциянын Ментона шаарында 1933-жылы 26-декабрда каза болгон.

А.Луначарский орус тилине латын алфавитин киргизүүгө аракет кылган. Мындан тышкары "Падышалык чачтарач", "Вавилондук таякча", "Фауст жана шаар" жана "Оливер Кромвель" аттуу театралдык пьесаларды жазган.

23-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gema
2016-11-23 18:09:11
Лунчерскидин торолгон кунункн эмне кереги бар эми ?!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан