22-ноябрда Сауд Арабиясында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү башталды. Иш-чара алкагында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков аталган өлкөнүн маданият министри Адель Аль-Торайфи менен жолугушту.
Министрликтен кабарлашкандай, анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болуп, маданият жана искусство жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.