Мындан 128 жыл мурун америкалык педагог, психолог жана жазуучу Дейл Брекенриж Карнеги төрөлгөн. Жаштарды коммуникативдик жактан даярдоонун маанилүүлүгүн Америкада мамлекеттик деңгээлге алып чыккан Дейл Карнеги адамдардын карым-катнашы жана оратордук искусство боюнча институтту негиздеген. Карнегинин айтуусу боюнча, коммуникабелдүүлүк ага адам катары калыптануусуна, турмуштан өз ордун табууга жардам берген. Анткени ал карым-катнаш жасай билүүнүн ыкмаларына ээ болуу менен өз күчүнө карата ишенбөөчүлүктү жеңе алган. Адамдар менен байланыш жасоонун ыкмаларына, өз көз карашына тура билүү менен аларга жетекчилик кыла алууга жетишкен.24-ноябрга карата жылнаама.