Түркияда 9,5 миллион доллар менен кармалган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аты-жөнү белгилүү болду

Түркияда 9,5 миллион доллар менен кармалган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аты-жөнү белгилүү болду. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, 17-ноябрь күнү "Ататүрк" аэропортунан Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын жана Түркиянын жарандары кармалган. Алардын жанынан декларацияланбаган 9,5 миллион доллар табылган.

Кармалгандардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны болгон. Түркиядагы "Йенисафак" гезити алар Темур Кочкоров жана Дайырбек Тойгонбаев экенин жазды.

Жогорудагы акчанын 5 миллион 359 миң доллары "Ташкент Голд" ишканасына, ал эми калганы дагы башка 4 фирмага таандык экени аныкталган. Жергиликтүү айрым басылмалар бул акчалар Фетхуллах Гүлендин адамдарына келгенин жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rifle_I
2016-11-24 09:49:31
9.5 млн доллар канча проблеманы чечтп коет эле. Мектептерди бүтөрүп, анча мынча карапайым элдин карыздарын жаап салат беле биз жакта жоголсо.
-7
Kakaly
2016-11-24 10:17:30
Ушундай комментарий жазбагылачы, акча жоголду акча табылды десе эле ушул акча балабакча куруп койсо болот анан элдерге жардам берип койсо болмок деп!! Озунор эле укмуш боорукер болсонор да
-5
Munar8625
2016-11-24 11:44:22
гулен бала бакча мектеп салып жатпайбы, туугандар корболосунар антпегиле.
+2
ali1995
2016-11-24 12:41:33
Биро жыт чыгарып койсода Гуледен коруп калыптырго,
+4
pepew95.
2016-11-24 17:33:54
декларацияланбаган болгондо кандай болуп калат?
0
Xanif.Kg
2016-11-25 02:40:49
pepew95., Негизи таможнядан отуп жатканда, колунузга бир кагаз (декларация деп коёт) карматат, анын ичине жаныныздагы кымбат баалуу буюмдарды, жана акчаларынызды (10 000$ дан аз болсо жазылбайт) жазасыз, ошондо баары декларацияланган, документалдуу буюмдарыныз катары эсептелинип калат. Эгер декларацияга киргизилбесе, анда ал контра банда (Документсиз кумондуу буюм) же уурдалган буюм-акча деп, кылмышкер катары жоопко тартылат...
0
GGggUUuuLLll
2016-11-24 19:17:27
Гулен эн жакшы адам саясий куугунтукта журсо да ал эч качан туркияга жамандык кылбайт...Эрдогандын коздогону бир шылтоо менен анын козун тазалоо
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан