Ош шаарынын жолдоруна 23-ноябрдан 24-ноябрга караган түнү 13 тонна туз, 5 тонна кум чачылды

Ош шаарынын жолдоруна туз, кум чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына "Ош-Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаарда айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында "Тазалык" ишканасы жолдорду тазалоо аракеттерин көрүп жатат. Жолдордун тайгалактыгын жоюу максатында түнкү саат 03:00дөн баштап жумушчулар туз, кум чачуу ишин башташкан. 23-ноябрдан 24-ноябрга караган түнү 13 тонна туз, 5 тонна кум чачылды. Жумушчуларга ишкананын аппарат кызматкерлери да жардамга чыгышкан. Учурда жол тазалоо үчүн кызматкерлер эки нөөмөт менен иш алып барууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы унаа жолдорун муздан арылтуу максатында 131 тонна туз, 30 тонна кум камдалган. Ал эми карды тазалоо үчүн 8 атайын техника даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан