Токмоктогу мектептерге жылуулук берилгени менен, окуучулар окуусун башташа элек

Токмоктогу №6, 10, 13-мектептерге жана №2-бала бакчага жылуулук берилгени менен, окуучулар окуусун башташа элек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-ноябрда кабарлады.

"Бул мектептер жана бала бакча "Токмок жылуулук" ишканасы "Газпром-Кыргызстан" мекемесине карыз болгону үчүн жылытылбай калган. Райондук билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, жылуулук бериле баштады", - деп айтылат маалыматта.

Бирок имараттарда аба ырайы төмөнкү температурада болгону үчүн окуучулар мектепке барыша элек. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен сүйлөшүүлөр болгон соң балдар окууга келе башташарын кошумчалашкан министрликтен.

Эскерте кетсек, бул маселе боюнча Токмок шаарынын мэриясы так жооп берген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан