СУПЕРСТАН: "Инимди молдого алып барып, араң эсине келтиргенбиз..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Табышмактуу жана коркунучтуу окуялар (мистика)" деген темада форумчулар окуялар тууралуу ой бөлүшүп жатышат.

Темадагы билдирүүлөр:

"Чоң атам тоолуу айылдардын биринде жашайт. Эң кенже баласын да ошол эле айылдын этек жагына бөлүп коюшкан. Чоң атамдардын үйү аябай сүрдүү болчу, анан да ээси бар деп айтып калышчу, бирок биз ага көп деле маани берчү эмеспиз. Чоң залына көп киши кире бербейт. Кычыраган кыштын бир күнүндө үйдөгүлөр конокко кетип, үйдө 7-класста окуган небереси эле калат. Анда ал аябай тентек бала болчу. Эшиктен ойноп келип үйгө кирип баратса, кире бериште сакалы өскөн, бүт денесин жүн баскан киши союл кармап туруптур дейт. Ал чал союлун көтөрүп инимди кууп кириптир. Баягы бала ызгаар суукта айылдын этегиндеги үйгө чейин жылаңаяк, ыйлаган бойдон чуркап барыптыр. Көпкө чейин баягы шоктонгон бала жок, жалдырап эле жүрдү. Молдого окутуп жатып 2-3 жылда араң өзүнө келтиришти".

"Жакшы качып кетиптир, андай жерде качайын десең колуң, бутуң иштебей, нес болуп каласың го. Ушу менен бүтөт экен да деп туруп каласың".

"Бир бала кечинде жайлоого баратса, бир жерден ат тез басып, кыйналып тердей баштаптыр. Анын артына бирөө учкашкандай болуп, белинен кармаптыр. Караса кемпир экен. Өзү медреседе окуган бала эле, билген сүрөлөрүнүн баарын окуптур. Бир канча убакыттан кийин кемпир жоголуп кетиптир. Эртеси чоң атасына айтса, "Кудай сактаптыр, ал жерде чоң азыткылар бар" деген экен".

"Мен мындай окуяларга жолуккан эмесмин, ишенбейм, бирок окуган жагат".

"Азыр ал эжем небере көрөйүн деп калды. 14-15 жашар кезинде, кеч кирип калган маалда эшек минип алып жайлоого жөнөгөн экен. Жол ортологондо, артына бирөө учкашып алгандай сезилген экен. Коркконунан артын карай албай кете бериптир. Келгенде эч кимге айтпай жатып алыптыр. Эртең менен турса эле оозу, мурду кыйшайып калыптыр. Чоң энем коркуп, молдолорго окутуп, араң өзүнө келтиргенин айтып калчу".

"Былтыр апам сыртка чыкса, 7-класста окуган иним эшиктин астындагы отургучта эси ооп, чекеси сыйрылган, кийимдери чаң экенин көрүп, суроо берсе "ээс көрдүм, ээс көрдүм" деп эле шалдырап отура бериптир. Мени чакыртышты, инимди көрүп мен бакырып жибердим. Атам менен апам ыйлап алышкан, иним шалдырап эле жатат. Эки тараптан жөлөп, топчанга алып келишти. Жолдошум молдо таап келип, дем салып жатып иним араң өзүнө келди. Инимдин айтуусу боюнча, ажатканадан чыкса эле бир элес теректи көздөй катуу түртүптүр. Анан ак кийимчен бир киши менен кадимкидей мушташыптыр. Ал ар нерселерди айтыптыр. Молдо дем салып жатканда эсине келип, болгону мушташып жатканын эстей алган, андан башка эч нерсесин эстей алган жок. Бул окуяны башка бирөө айтып берген болсо, ишенбейт элем".

Башка окуяларды окугуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gema
2016-11-24 15:12:59
омурумдо козумо эч нерсе корунбогог бир жыл мурун анык эркек ажамдын келбети корунду,карап турсам жок болуп кетти.Уйдо ар нерсе тар деп тушо берди туугандарга кичине кыз корунду.Андайда жан талашып калат экенсин,флешага Куран жаздырып тынбай кое бердик.Азыр жакшы эле.
-4
Gema
2016-11-24 15:14:04
Алар жиндер да ,Кудай аларга жаныбарга ,адамга жана башкаларга кубула алганга мумкунчулук берген турбайбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан