Депутат Социалдык фондго: "Пенсионер күнүнө 140 сомго жашай алабы?"

Кыргыз Республикасында пенсионерлердин эң төмөнкү тиричилик каражатынын көлөмү 4200 сом. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Экмат Байпакбаев Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.

Андан соң ал Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровго: "Айына 4200 сом алган пенсионер күнүнө 140 сомго жашай алабы?"- деп суроо узатты. Абжапаровдун айтымында, пенсионер 4200 сомго бир ай жашай алат, бирок оор болот. "Жыл сайын Социалдык фонд пенсиянын көлөмүн көтөрүүгө аракет кылып жатат. Быйыл пенсия жогорулатылган", - деди чиновник.

Депутаттар Социалдык фондго төмөнкү пенсияларды көтөрүүнү тапшырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chopik7
2016-11-24 14:28:12
Ушул,Бийликтегилердин чеккен чылымы 140 сом. турса керек аа эми бул акча кимге жетмек
+3
Mongol1155
2016-11-24 15:09:35
Булар болбой калган турбайбы?Статуправлениенин маалыматы он жылга астыга оозуп кеткен турбайбы.Азыр эн кичине пенсия 1500 сом.Быйыл 300-350 сом кошулду.
+3
aidinaernur
2016-11-24 21:16:37
Билгендер жаза кеткилечи пособиянын документтерин кантип туурулайт.
Уч балам бар, озум иштебейм, атабыз чет мамлекетте
0
Kroxa
2016-11-25 20:04:40
aidinaernur,атанар чет мамлекетте болсо жизинь пасобия чектебейт,анан уйундо мал,телевизор,диван оокаттарын бар жан багаласын ачка калбай элесин,сага чектебейт атанар багып жатат го деп,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан