Жалал-Абад шаардык мэриясы селсаяктар үчүн ачкан баш калкалоочу турак жайда 5 адам жашап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өлкө аймагына суук түшүп, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам шаардык мэрия үйү жок, селсаяктарга баш калкалоочу жай ачкан. Жалпысынан 20 адамга ылайыкташтырылган жайда тамак-аш, жатакана даярдалган. Бүгүнкү күндө 5 адам жашап жатат. Бул жай 1-апрелге чейин иштейт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын бюджетинен селсаяктар үчүн 213 миң сом тамак-ашына бөлүнүп берилген. Ар бир адам үчүн бир күнгө 40-45 сом каралган.