Кочкор районундагы 2 айылдын мугалимдеринин айлык акыларынын өлчөмү атайын комиссиянын чечиминен көз каранды

Кечээ, 23-ноябрда Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдарынын мектептеринде эмгектенген мугалимдердин айлык акылары кыскартылары тууралуу айтылып жатканын Арсы орто мектебинин директору Асипа Жумабаева билдирген эле.

Анын маалыматы боюнча, мектептерге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен 11-ноябрда барган катта аталган айылдар бийик тоолуу аймакка кирбегени жазылган. Буга чейин мугалимдер бийик тоолуу аймакта эмгектенгендей эле кошумча төлөм алып иштеп келишкен. Эгер бул айылдар бийик тоолуу аймакка кирбей калышса, кошумча төлөм албай калышары анык. Бул жагдай мектептин кызматкерлерин нааразы кылган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова SUPER.KG порталына бул маселе боюнча атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн билдирди.

"Өкмөттүн токтому менен бекитилген алыскы, барууга кыйын шарттагы айыл аймактардын, калктуу конуштардын тизмеси бар. Ал тизмеде аталган айылдар жок. Мамлекеттик геодезиялык-картографиялык кызматка кайрылганыбызда, алар деңиз деңгээлинен 1790 метр бийиктикте жайгашканы белгилүү болду", - деди Каденова.

Мындай абалдын жаралышы айылдардын аталыштары өзгөртүлүп же айыл өкмөттөр бөлүнүп кеткенден улам болушу мүмкүн экенин билдирди. Каденованын айтымында, айлык акы азырынча ошол эле өлчөмдө бериле берет. Өкмөт тарабынан бийик тоолуу аймактарга кирген, алыскы, барууга кыйын шарттагы айылдарды аныктоочу комиссия түзүлүп, ишин баштаганы маалым болду.

"Айылдардын аттары өзгөрүп же бир айыл экиге бөлүнүп кетип, экинчиси тизмеге кирбей калган учурлар бар. Азыр андай айылдарды, аталыштарын тактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Алардын ою боюнча, айлык акылары кыскарат, бирок эгер буга чейин кошумча төлөм алып жүрүшкөн болсо, азырынча ошол эле өлчөмдөгү акыны ала турушат. Бул айылдардын мугалимдерине төлөнүүчү коэффициенттин калар-калбасын комиссия чечет", - деди Каденова.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын башталышында "Бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарда жашап, иштеп жаткан жарандарга мамлекеттик кепилдиктер жана компенсацияларды берүү жөнүндө" мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр Нарын облусунун тургундарынын арасында кызуу талкууга алынып, нааразычылык жаралып, тургундар митингге чыгышкан.

Ал эми мугалимдер маяналары көтөрүлгөнү менен, кайра компенсацияны жокко чыгарышканы туура эместигин айтышууда. Белгилей кетсек, Арсы айылында орто мектепке мугалимдер жетишпегендиктен, көпчүлүгү Кочкор районунун ар кайсы айылдарынан келип иштешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2016-11-24 20:26:29
Депутаттардын айлыгын, ошондой эле министрлердин айлыгын кыскартпайсынарбы!!!!
Карапайым калктын арасында, бол гондода шарты катаал айылдардын мугалимдеринин айлыгына асылышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан