Ат-Башы районунда аң уулоого чыккандар куткарылышты

Ат-Башы районунда кар күрткүсүндө калган жарандардын баары куткаруучулар тарабынан чыгарылып, кайтып келе жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.

"Куткарылган жарандардын арасында жабыркагандар жок, абалдары жакшы. Экинчи топко 24-ноябрь күнү саат 13:50дө ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 5 кызматкер, Нарын облустук өрт-куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу АСМ унаасы менен Ат-Башы районунун Чар тилкесине чыгып кетишти. Андан ары Ат-Башы районунун Босого жана Беш-Белчир аймагына чейин менчик КазАЗ унаасы менен барышат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү Ак-Сай өрөөнүнө аң уулоо максатында өз-өзүнчө 2 топ чыгып кетип, кардын калыңдыгынан унаалар жүрө албай калып, 1-топ Босого тилкесинде жана 2-топ Беш-Белчир тилкесинде кар күрткүсүнө тыгылып калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан