Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды

Оппозиция өкүлү Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды. Маалыматты 25-ноябрда анын санаалаштары тастыкташты.

2016-жылдын март айында интернетке айрым адамдардын бийликти алуу, өлкөдө төңкөрүш жасоо пландарын сүйлөшкөнү жаздырылган аудио тараган. Материалда сүйлөшүүгө катышкандардын бири Дастан Сарыгулов деп көрсөтүлгөн. Мындан кийин "бийликти басып алууну сүйлөшүүгө катышты" делген Дастан Сарыгулов УКМКда суракка алынып, Биринчи Май райондук соту аны үй камагында кармоо өкүмүн чыгарган. 2016-жылдын июнунда Сарыгулов "Кыргыз алтын" ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге барган" деп шектелип УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган эле.

Ноябрь айынын башында Дастан Сарыгуловдун жана камакта отурган башка оппозиция өкүлдөрүнүн жакындары УКМКнын алдына митингге чыгышып, камактагы жакындарын бошотууну талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан