"Бийликти басып алуу талкууланды" делген дагы бир аудио тарады

Айрым адамдар тарабынан бийликти алуу жана кызмат орундарын бөлүштүрүү пландары талкууланганы тууралуу дагы бир аудио интернетке тарады. Аудиоматериалдын башкы бетине Эрнест Карыбеков, Тургун Нурматов, Дастан Сарыгуловдун сүрөттөрү коюлуп, булардан башка да эки адам сүйлөшүүгө катышканы маалымдалат. Сүйлөшүүгө катышкан адамдар бийликти алууну, андан кийинки кадамдарын, тагыраагы, өкмөттү кантип түзүү керектигин талкуулашат.

Белгилей кетсек, буга чейин "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинген эки аудио тараган. УКМК аталган аудиолор боюнча кылмышка шектеп Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду камакка алган.

"Бийлик бөлүшүү" тууралуу дагы бир аудио
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан