Бишкек шаарында мыйзамсыз кафе, турак жай курулуштары аныкталды

Бишкек шаарында бүгүн, 25-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жүргүзгөн атайын рейдинде мыйзамсыз салынган курулуштар аныкталды.

Рейддин алкагында көп кабаттуу турак жайлар, тамактануучу жай, кафелер талапка ылайык курулбагандыгы тастыкталды.

"Уркуя Салиева көчөсүндө Аламүдүн суусунун жээгине курулган 9 кабаттуу 6 үй инспекциянын талаптарына жооп бербейт. Биздин талап боюнча курулуштар суунун жээгинен 25 метр алыс болушу керек. Бирок бул үйлөр 12 метр аралыкта курулуп калган. Биз бул боюнча Мамлекеттик экспертизага, Архитектура башкармалыгына жана Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигине кат аркылуу кайрылганбыз. Курулушка Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы уруксат берип койгон", - деп билдирди Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын бөлүм башчысы Кылыч Өмүрзаков.

Бул көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу бүгүнкү күндө мыйзамдуу делип документтештирилип калган. Аталган турак жайда учурда жашоочулар жашап жатат.

Маалыматка ылайык, Төрөкул Айтматов көчөсүндө тез татым тамактануучу жайы суунун жээгине 3 метр жакын салынса, "Хаял", "Восток" кафелери каналдын ичине курулуп калган. Адистердин айтымында, аталган кафелердин курулуштары эс алуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан