ЖЫЛНААМА, 25-НОЯБРЬ: 149 жыл мурун Альфред Нобель динамит жардыргыч затына патент алган

1867-жылы 25-ноябрда швед химиги Альфред Нобель динамитке патент алган. Нобель бул ачылышын жарнамалоо иретинде эл алдына алып чыгып иш жүзүндө көргөзүп, анын кандай иштей тургандыгы тууралуу лекцияларды окуган. Жыйынтыгында анын бул ачылышына көптөрдүн кызыгуусу арта баштайт.

1888-жылы француз гезиттеринин биринин кабарчылары Нобелдин өлгөндүгү жөнүндө туура эмес маалымат жазып чыгышып, анда Нобелди "өлүм соодагери", "динамит падышасы" деп аташкан. Анын бул баалуу ачылышы адам баласына пайда эмес, зыян, өлүм алып келгенин көрүп, күнөөсүн жууш үчүн ойлоп табуучу Нобелдик сыйлыктын фондун негиздеген. А.Нобель 1895-жылы 27-ноябрда Париж шаарында керээзине байлыгынын көп бөлүгүн (31 миллион швед крону) дал ошол фондго бөлүп берерин жазган.

25-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан