Бишкекте улуу орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин 195 жылдык мааракеси белгиленди

Бишкекте улуу орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин 195 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Иш-чара балдарга улуу жазуучу Достоевский жөнүндө кененирээк маалымат жеткирүү, окурмандарды китепканага, китеп окууга тартуу максатында өткөрүлдү. Катышуучуларга Достоевскийдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу тасма көрсөтүлдү. Мааракенин жүрүшүндө жазуучунун "Кедей адамдар", "Кылмыш жана жаза" чыгармаларынан үзүндүлөр тартууланды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чарага окуучулар жана окурмандар катышты. Жазуучуга арналган салтанатты Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын Борбордук китепканасынын балдар бөлүмү уюштурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан