Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна 150 орундуу оорукана курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Имараттын пайдубалын түптөөдө капсула салынды. Маалыматка ылайык, оорукананын курулушу үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Долбоордун бүтүшү 2018-жылдын үчүнчү кварталына пландалууда.
"Заманбап оорукана 3 корпустан туруп, галерея аркылуу бириктирилет. Медициналык жабдуулар, "Тез жардам" унаалары менен камсыздалат. Бул долбоорго жалпысынан 2 миллиард сомго жакын каражат жумшалат. Курулуш Кытай мамлекетинин каржылоосу менен кайтарымсыз гранттын эсебинен ишке ашып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Курулуш 9 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук берери кошумчаланат маалыматта.