2016-жылы табигый коркунучу бар аймактан 4 миңден ашык үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жана болжолдоону иш жүзүнө ашыруу максатында жыл башынан бери 2201 кооптуу аймактарга изилдөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 4359 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Ал эми 1829 үй-бүлө ссуда же жер тилкесин ала элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, ссуда, жер тилкесин алып, бирок кооптуу аймактан көчпөй жашап жаткан 3341 үй-бүлө бар.