SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Менин сүйүктүүмдүн жаман адаттары..." деген теманы форумчулар кызуу талкуулап жатышат.
Темадагы билдирүүлөр:
"Менин күйөөмдүн үйдө үстүн чечип коюп ичин сылап жүрмөй адаты бар. Бул менин кыжырымды келтирет. Кичине курсагы бар, ошону сылап "балам, чыгарыңа аз калды, чыдай тур" дегенде күйүп кетесиң да. "Ичиңдеги эркекпи же кызбы?" деп сурасаң, “эркектен эркек гана туулат” дейт. Анан дагы уктаганда тепкиленмейи бар. Түшүп кеткен шейшепти тарткылай бергенден жадап, кээде төөнөгүч менен үстүнөн төөнөп коёюн дейсиң".
"Курбумдун айтканы эсиме түшүп кетти. Анын жигити курбумдун аласына колун салып жатмайынча уктабайт экен. Тамактан кийин “десертке менде даяр бир нерсе бар” деп жамбаш жагына чаап да коёт имиш".
"Менин сүйүктүүм мага караганда унаасын көбүрөөк сүйөт".
"Жаман деле эмес, бирок жолдошумдун туш келген жеримден кечке эле өбө бергени жакпайт. Тажатып жиберет. Болду дегениңе эч карабайт, акырында кыйкырганга туура келет. Бирок сүйөм го сүйөм. Башка айла жок, кээде мейличи деп туруп берем".
"Мага сүйүктүүмдүн ашыкча кызганганы жакпай баратат. Ашыкча кызгануудан адам тез эле жадап кетет экен. Ушул адаты жакпай жүрөт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.