Америкалык ырчы, актриса жана бийчи Тина Тёрнер бүгүн, 26-ноябрда 77 жашка толду. Ал АКШнын чакан Натбуш аттуу шаарында туулган.
Анын өз ысымы - Анна Мэй Буллок. "Грэмми" сыйлыгынын 8 жолку ээси Тина өзүнүн сахнада алып жүрүүсү, темпераменти менен "рок-н-роллдун ханышасы" аталган. Бий чеберчилигин мыкты өздөштүргөндүгү үчүн дүйнөдөгү мыкты бийчилердин ондугуна кирет. Американын белгилүү "Роллинг Стоун" журналы Тина Тёрнерди азыркы замандын эң мыкты ырчыларынын бири деп атаган.
26-ноябрдын жылнаамасы.