26-28-ноябрь аралыгында калың жааган кардын кесепетинен Бишкек шаарын аймактар менен байланыштырган унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашууда, Ала-Белде, Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-90-чакырымында, Нарын-Казарман жолунун 67-чакырымынан 94-чакырымына чейинки аралыкта Каракол-Эңилчек унаа жолунун
45-90-чакырымында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталуусу кажет.