Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, кунг-фу чебери, актёр, кинорежиссёр, продюсер жана сценарист Брюс Ли тирүү болгондо бүгүн, 27-ноябрда 76 жашка чыкмак. Ал 1940-жылы АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулган. Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань ысымдары менен да таанымал.
Бала кезинен баштап фильмдерге тартылып, жалпысынан 36 тасмада роль жараткан. Батышка чыгыш мушташ өнөрүн тааныткан. Ал эми анын өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө 30га чукул фильм тартылган. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШда чыгыш мушташ өнөрүнүн жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фудан сырткары бокс жана дзюдо менен машыккан. "Жит Кун-до" деген аталыштагы кунг-фунун өзүнүн стилин чыгарган. Анын өжөрлүгү, тайманбастыгы, эрктүүлүгү миллиондорду шыктандырган.
27-ноябрдын жылнаамасы.