189 жыл мурун, тактап айтканда, 1827-жылы 27-ноябрда Синьцзян бийлиги Жахангирдин кыргыздардын арасында жашырынып жүргөнүн маалымдаган.
Синьцзян башкаруучусу Хун Лин кашкарлык кожо Жахангирдин кыргыздардын арасында жүргөндүгүн билдирген жарлык жарыялаган. Кашкарлык кожолор Чыгыш Түркстанда кытай бийлигинин орношуна каршы чыгышып, ал кыймылдын башында Жахангир кожо турган. Жахангир кыргыздардын колдоосун алып, Кашкарды кытайлардан кайра кайтарууну көздөгөн. Жахангир кожо саяк уруусунун башчысы Атантайга келип, аларды Кашкар багытында чапкынга чыгаруу аракетин жасаган.
27-ноябрдын
жылнаамасы.