1895-жылы, 121 жыл мурун улуу жазуучу Александр Дюманын уулу, француз жазуучусу жана драматургу Александр Дюма (кенжеси) 71 жашында көз жумган.
Александр Дюма (кичүүсү) Парижде 1824-жылы 27-июлда төрөлгөн. 18 жашынан баштап ыр жаза баштаган. 1847-жылы анын "Грехи юности" аттуу биринчи ырлар жыйнагы чыккан. Андан кийин бир нече роман жазган. Ал чыгармаларында коомдук жана үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү чагылдырган. Анын эң белгилүү чыгармасы "Дама с камелиями" романы болгон.